Кулжа 26, 2024
Убакыт: 07:44
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Шайлоонун революциясын жасай турган мезгил келди, - тарыхчы К.Молдокасымов

04.09.2020 17:29
1520
Шайлоонун революциясын жасай турган мезгил келди, -  тарыхчы К.Молдокасымов


Революция жасай турган жаңы мезгил келди. Ал 4-октябрь - шайлоо күнү. Мындай пикирин тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.


Анын айтымында, эл акчалууларга эмес, жаңы идея менен келген партияларды тандашы керек. 


"Шайлоодо дебаттарга көңүл буруу зарыл. Кимдин ким экени ошондо билинет. Ошондо биз кимге добуш берип жатканыбызды көрөбүз. 


Пандемия дагы адамдардын аң сезимин өзгөрттү. Баягыдай көчөгө чыгып, кыйкырып революция кылган убакыт өттү. Революция жасай турган жаңы мезгил келди. Ал 4-октябрь - шайлоо күнү. Эл акчалууларга добуш береби же жаңы идея менен келген жаңы күчтөрдү шайлайбы, ошончо чечет.


Менимче 4-октябрь - элдин добушу менен революция жасаган күн болушу керек. Акчасына ишенген партияларга, аткаминерлерге сабак болуп, кийинки шайлоодо алар катарын тазалап, жаңы идея менен келүүгө аракет кылышат эле", - дейт тарыхчы. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн