Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 15:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Шайлоонун шайтан оюндарынан Кудай өзү сактасын деген эле эл азыр...

01.11.2021 16:28
1737
Шайлоонун шайтан оюндарынан Кудай өзү сактасын деген эле эл азыр...


Шайлоо...шайлоо...шайлоо... Шайлоонун шайтан оюндарынан Кудай өзү сактасын деген эле эл азыр...


Мен кайсы партияны, анын ичинде кимди тандайм, ошондой эле жалгыз аламанга чыккандардын кимисине добуш берем - билем, алдыдагы бир айда кандай үгүт болсо дагы, кандай дебат болсо дагы, кандай мактоо же кандай каралоо болсо дагы пикирим өзгөрбөйт.  Өз оюмду, өз пикиримди тар чөйрөдө, жакын адамдардын арасында эле айтпасам, башка эч кимге айтпайм... Бир дагы партияга, бир дагы жеке талапкерге күйөрман болгон жокмун...


Мен сыяктуу пикири аныкталган, тандоосу бекем адамдар болжол менен жалпы шайлоочулардын 30 пайызын түзөт, бул болжолу 1 млн. добуш.  Муну көп жылдык тажырыйбамдан билем, бул жөнүндө көп эле жазгам. Шайлоочулардын 40 пайызы ар кандай себеп менен шайлоого келбейт, добуш бербейт.  Маселенин бардыгы калган 30 пайызда. Алар кимдер?  Жалпылап айтсак  "добуш саткычтар" мына ушулар. Ушул 30 пайыз шайлоочунун колунда мамлекеттин дагы тагдыры, сенин дагы, менин дагы, келечек муундардын дагы тагдыры турат. Ушулар чечет ким депутат боло турганын, кайсы партия өтө турганын... Булардын көпчүлүгүнө бары бир, кайсы партия, ким талапкер... иши кылса өз кызыкчылыгы, өз муктаждыгы канагаттандырылса болду, шайтан келсе деле макул, добушун берет... Булар окубайт дагы, укпайт дагы, ойлонбойт дагы...  Акыл эси ордунда болгон адамдын үрөйүн учура турган кырдаал, чынында...


Мындай кооптуу абалдан чыгуунун бир гана жолу жанагы 40 пайыз кайдыгерлерден мүмкүн болушунча көбүн шайлоого алып келүү зарыл, анткени канчалык көп адам өз ынанымына карата жоопкерчиликтүү добуш берсе, ошончолук  "добуш саткычтардын"  таасири азайат, балким алардын добушунун зарылчылыгы деле жок болуп калат.  


Өз тагдырыбызга кайдыгер болбойлу... Ушундай туугандар...


Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн