Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Шайтандын иши. Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов казино ачуу боюнча пикирин билдирди

22.04.2021 10:16
1090
Шайтандын иши. Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов казино ачуу боюнча пикирин билдирди

КМДБнын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов Ысык-Көл облусуна оюн-зоок комплекси, казино ачуу боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу аалым Фейсбук баракчасына жазды. 


Анын айтымында, казино ачуу арам иш болуп саналат.


"Ыйык Рамазан айында "Кудай буюрса,  Кудай берсин" деген депутаттарыбыз биринчи окууда  Ысык-Көлгө казино ачууну колдоп берди. Депутаттардын көпчүлүгү намаз окуйт, жума намазга барат, орозо тутат. Бирок казино ачууга макул болгону таң калыштуу болуп турат. 

Ыйык китепте азарддык оюндар шайтандын иши деп келет. Мындан түшкөн акча да арам. Ал мамлекет үчүн да берекелүү, жугумдуу болбойт",- деп билдирген Маликов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдиева Касиет
Эн туура азарттык оюн харам