Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Шектүү адамдын качып кетүүсүнө жол берген милицияларга карата иликтөө башталды

04.06.2020 14:04
916
Шектүү адамдын качып кетүүсүнө жол берген милицияларга карата иликтөө башталды

 

Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу шектүү качып кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлерге карата ички иликтөө жүрүп жатат.


Ал эми, Бакыт Турдубаев 3-июнь күнү качкан. Ага карата уурулук фактысы боюнча тергөө жүрүп жаткан.


Мындан улам милиция аны көргөн же билгендер болсо кабарлап коюну өтүнөт.


Кийген кийимдери: Кара түстөгү көйнөк, кара шым, жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.


Бою 165-170 сантиметр, салмагы 65-70 килограмм, чачы тармал, арык дене түзүлүштө.


Кимде-ким шектүү тууралуу маалымат билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.


Байланыш телефону: 0 312 352-605, 0 312 444-457, 0 700 425-344, 102.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн