Бишкекте №6 кичи райондогу батирден ири суммадагы акча уурдады деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи билдирди.
Милицияга Э.Э. аттуу аял кайрылып, үйүнө терезеден белгисиз адамдар кирип келгенин, алар сейфте сакталуу турган 130 миң долларды алып кетишкенин кабарлаган.
Шектүү кармалып, тинтүү учурунда 74,4 миң доллар табылган. Калган акча кайда экени азырынча бегисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн