Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:04
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Шектүүлөр кармалды. БЧКда уурдалган 20 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Шектүүлөр кармалды. БЧКда уурдалган 20 жаштагы баланын жансыз денеси табылды


Токмоктон 20 жаштагы бала уурдалып, бир нече күндөн кийин Бишкектеги БЧКдан анын жансыз денеси табылды. Окуяга шектелеип үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалым болгондой, 2023-жылдын 4-июлунда Токмок ШИИБге 1988-жылы туулган М.К. 4-июлга караган түнү бир тууган иниси – 2003-жылы туулган К.М. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.


Бул факт РИИБге катталып, окуя болгон жер каралып, буюм далилдери табылып, үйдүн кире беришинен алынган.


Андан соң тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, көрсөтмөлөр жөнөтүлгөн. Натыйжада 1988-жылы туулган М.К., 1983-жылы туулган Т.М., 1996-жылы туулган Б.К. кармалган. Кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


"Шектүүлөр К.М.ны үйдөн алып чыгып, сабап, колун байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкени аныкталды. Бүгүн, 10-июлда каза болгон жигиттин жансыз денеси табылды", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн