Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шенген зонасына кирүүгө 30 күнгө тыюу салынды

18.03.2020 09:03
713
Шенген зонасына кирүүгө 30 күнгө тыюу салынды


Шенген зонасына кирүүгө 30 күнгө тыюу салынды. Бул тууралуу Германия канцлери Ангела Меркель жалпыга  маалымдоо каражаттарына билдирди.


Анын айтымында Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери үчүнчү өлкө жарандарынын Шенген зонасына 30 күнгө киришине тыюу салууга макулдашты. Ага байланыштуу Германия өз чек арасы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Евробиримдиктин аймагына өткөрүүнү токтотту. Чектөө жакында альянстан чыгып кеткен Британия жарандарына да тиешелүү.


Меркель учурда Шенген аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды мекенине кайтаруу боюнча Евробиримдик бирдиктүү эреже иштеп жатканын да белгиледи.


Шенген зонасына ЕБнын көптөгөн өлкөлөрү, андан тышкары Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн кирет. Бул өлкөлөр арасында чек ара көзөмөлү жок. Бирок учурда бир катар мамлекеттер чек араларын жабууга аргасыз болду.


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын очогу Кытайдан Европага көчкөнүн маалымдаган. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Италияда 30 миң, Испанияда 10 миң, Германия жана Францияда да бир нече миң киши вирус жуктуруп алды. Инфекция ЕБга мүчө бардык өлкөлөргө тарады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн