Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

“Шералынын чокою” болгон окуябы?

28.10.2021 18:54
3773
“Шералынын чокою” болгон окуябы?


Ааламдын алп жазуучусу Чынгыз Айтматов жалпы адамзатка коңгуроо кагып, акыл эстен, эс тутумдан ажыраган маңкурт өз энесин өлтүрүүдөн кайра тартпасын өтө чебердик менен сүрөттөп берсе, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбеков өткөнүн унуткан, бийлик менен байлыкка манчыркаган эл башчысы өзүн бийликке алып келген адамдын башын алдырып, калкын кыйноого алган учурду Шералынын чокою аркылуу ачып берди. Бири башка, экинчиси бутка ылайыкталган тери буюму. Бири эс акылдан ажыратчу, эс тутумду жок кылчу, экинчиси эс акылга чакырып, өткөнүн эстетип турчу буюм. Биринчиси тарыхтан алынса, экинчиси көркөм ойдон жаралган өчпөс образ. Биз Кокон хандыгынын тарыхын баяндаган көптөгөн эмгектерди билебиз, бирок “Шералынын чокоюндай” окуяны эч жерден кездештирбедик. Ошондуктан бул окуя Төлөгөн Касымбековдун жазуучулук зор фантазиясы экенин ишенимдүү айта алабыз.


“Шералынын чокою” эсирген хандарды эс акылга чакыруу. “Кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң?”, “Өткөнүңдү унуттуңбу, бетпак?” – деп аны ар дайым ооздуктап туруу. Чындыгында Шералы ким эле? Ал өз убагында так талашуудан атасынан айрылган, энеси, бир тууганы менен ажалдан аман калып, тага журтунун арасында баш калкалап жашап калган бир шордуу болчу. Качкын учурунда жолдогу кырсыктан карачечекей жалгыз иниси Улукбектен ажыраган коколой жетим эле. Бир күнү башына бак конуп, Нүзүп бий баштаган тага журтунун жардамы менен хан тактысына отурат. Туш тараптан агылып кирген байлыкка, ордодогу кошоматчылардын мактоосуна, каалаганына жеткен бийлигине манчыркап, бат эле эсире баштайт. Таластагы тунук көзү тунарып, өткөн турмушу унутулуп, хандыкка жеткирген эли душман көрүнөт. Ал эми аны жамачы чокой кийген жеринен таап, кол курап тактыга отургузган Нүзүптүн жакшылыгы эки жылга жетпей унутулат. Ордо кутумдарынын сөзүнө кирип аны жанынан алыстатат. Өзүнөн мурдагы Мадали хандын жолуна түшүп, эң ишенген Аккули аскер башчысын өлтүрткөндөй, Маргалаңга акимдикке сүрүлгөн Нүзүпкө желдеттерин жиберип башын алдыртат. Бул тарыхта болгон окуя. Тарыхый романдын эң курч жери ушул окуянын көркөм чагылдырылышы. Эгер бул окуяга “Шералынын чокоюн” аралаштырбаганда анда көркөм роман супсак баянга айланып, окурмандардын бүйүрүн мынчалык кызыта алмак эмес. Лакап катары муундан муунга айтылбайт болчу.


Шералынын чокою бийликтин түбөлүктүү баш орутмасы. Доор алмашса да, коом өзгөрсө да бул проблема сакталып кала берчү көрүнүш. Бул бир эле хандардын, падышалардын, президенттердин оорусу эмес. Ал бийлик менен байлыкка манчыркаган бардык адамдарга тиешелүү. Шералынын чокоюндай окуяга биз менен сиз ар убак күбө болуп, күнүмдүк жашообузда башыбыздан кечирип келебиз. Эгемендүүлүк жылдардан берки кыргыздын башкы баш оорутмасына, керек болсо трагедиясына айланган көрүнүш. Жазуучунун мындай салыштыруусу жети баштуу ажыдаарга айланган уламыш менен үндөшүп турат. Элди шорго батырган, шаар-кыштактарды кыйратып, эчендеген адамдарды тирүүлөй оп тарткан ажыдаар менен күрөшөм деген мыкты жигиттердин бардыгы ажыдаардын үңкүрүнө кирип үч баштуу, жети баштуу ажыдаарга айланып кайрадан элине бүлүк салгандай эле көрүнүш. Эл башына келген адам, мейли ал илим-билимдүү академик болсун, же элди үмүттөндүргөн өндүрүшчү болсун, же эл менен бийликти жакындатчу көпүрөчү болсун, алар Ак Үйгө келип эле ажыдаарга айланып кетип жатканы эмнени каңкуулайт да эмнеден кабар берет? Демек бийлик өкүм сүрүп жаткан учурда “Шералынын чокою” түбөлүктүү проблема боюнча кала бермекчи...


Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн