Кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттешип, колу сынган. Бул тууралуу спортчу өзү билдирди.
Беттеш 17-сентябрда Лас-Вегаста (Невада штаты, АКШ) өтүп, 47:47, 48:47, 47:48 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Грассо чемпиондук титулун сактап калды.
Бул беттештин биринчи раундунда Шевченко баш бармагын сындырып алган.
«Мен колумдагы жаракат боюнча жыйынтык алдым. Майдаланып сыныптыр, хкирургиялык операция талап кылынат», — деп жазган Шевченко.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн