Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Шевченко менен Грассо беттеши. NSAC комиссиясы калыс ката кетиргенин билдирди

27.09.2023 10:14
525
Шевченко менен Грассо беттеши. NSAC комиссиясы калыс ката кетиргенин билдирди


Невада штатынын атлетикалык комиссиясы (NSAC) Ultimate Fighting Championship (UFC) алкагында өткөн Кыргызстандын өкүлү Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассонун беттешинде калыс Майк Беллдин катасын мойнуна алды. Бул тууралуу ESPN билдирет.


«Майк дүйнөдөгү эң мыкты калыстардын бири. Ал мурдагыдай эле жакшы. Бирок мен анын бул (бешинчи раунд) раундга берген баасына кошулбайм», — деди NSACтын аткаруучу директору Жефф Маллен. Ал белгилегендей, бешинчи раунддун жыйынтыгы 10:8 эсебинде мексикалыктын пайдасына болгону туура эмес, анткени Алекса Грассо атаандашына жетиштүү сокку ура алган эмес.


Эске сала кетсек, Валентина Шевченко менен Алекса Грассо 17-сентябрга караган түнү Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 227 турниринде беттешкен. Беттеш беш раундга чейин созулуп, тең чыгуу менен аяктаган. Мындан кийин кыргызстандык спортчу мушташтын жыйынтыгын адилетсиз деп атаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн