Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Шейшенбек Байзаков: Адам өлтүрүү кылмышы болгон сайын министрди алмаштыра берсек, туура болбойт (маек)

16.04.2021 08:00
4300
Шейшенбек Байзаков: Адам өлтүрүү кылмышы болгон сайын министрди алмаштыра берсек, туура болбойт (маек)

 

Милиция органдарында 40 жылдай иштеп, жетекчилик кызматтарда жүргөн отставкадагы генерал-майор, Эл аралык полиция ассоциациясынын кыргызстандык секциясынын президенти Шейшенбек Байзаков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек куруп, ички иштер органдарындагы акыркы абал, милициянын кадырын кетирип, ишин тушап жаткан кодекстер боюнча түшүндүрмө берди, жана ошондой эле министрдин кызматтан алынышын талап кылган митингдер боюнча комментарий берди.

 - Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылган митингдер өтүп жатат. Ага катышкан айрым активисттер ушул окуядан кийин министрдин кызматта калууга моралдык укугу жок экенин айтышууда. Буга кандай көз караштасыз?

 - Эгерде Кыргызстан боюнча бир жылда мисал катары эле айта турган болсом, 1 миң адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыш иши болсо, ошончо жолу ички иштер министрин алмаштыра бериш керекпи? Бул албетте, туура эмес. Айзада Канатбекованын окуясы да адам өлтүрүү кылмышы болуп саналат. Ал үчүн эле азыркы министрди алып салганыбыз акылга жатпайт. Адамдарда бир аз сабырдуулук болушу керек. Ар бир киши өлтүрүү болгон сайын эле министрди, Ички иштер башкармалыктардын башчыларын айдай берсек, анда өлкөдө кадрдык башаламандык болот. Жогорку Кеңештин, өкмөт үйүнүн же башка мамлекеттик мекемелерге келип чогулган митингчилерди уга берсек, эмне деген турмуш болот Кыргызстанда? 44 милиция кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышты, жетет да эми. Мындан ашык кандай?   

- Ал окуя камерадан даана көрүнүп, издеп табууга анча деле кыйындык болгон жок деп ойлойм. Милиция кызматкерлери да “жакында той болот” деп кебелбей койгонун шаалакылык, деп айтса болот го.

- М.И.Калинин айткандай, “Кандай коом болсо, ошондой милиция”. Парламентти эле карап көргүлө, жалаң базаркомдор, бизнесмендер отурат. Алар мандатты сатып алуу жолу менен келишкендер. Партиялык тизме менен келгендердин арасында билими жоктор арбын. Аларды мыйзам чыгаруучу орган деп коёт. Алар иштей турган милициянын ишине жол ачып берүүчү мыйзамдарды кабыл алгандын ордуна кол тийбестик, жеңилдиктер, артыкчылыктар, кызматтык унаа жана чет жактарга иш сапарларды жасап жүрүшөт. “Чала молдо дин бузат” дегендей, Кылмыш кодексин, процессуалдык кодекстерди ички иштер органдарында иштеп көрбөгөн, практикасы жок адамдар жазып, кабыл алышкан. “Чымчык сойсо да касапчы сойсун” дегенди билбей, “ботаниктер” чогулуп алып, милициянын мыйзамын кабыл алышкан. Чала мыйзамдардын айынан милициянын иши буулуп, тушоолонуп жатат. Мисалы, бир кылмыш иликтөө кызматкери (опер) кылмышты ачыш үчүн жана кылмышкерди кармаш үчүн тергөөчүдөн уруксаат сурап, анан башташ керек экен. Ошол мыйзамдарды өмүрү милицияда иштеп көрбөгөн адамдар жазган. Союз доорунда СССРдин Ички иштер министрлигинин Бүткүл сюздук илимий-изилдөө институтунда (ВНИИ - Всесоюзный научно-исследовательский институт МВД СССР) практикада иштеп келип, жалаң профессор, илимдин докторлору, академиктер мыйзам долбоорлорун жазып, Верховный Советке (парламентке) алып чыгышкан. А бул жерде “ботаниктер” жазып, аксатып жатышат.   

- Ушул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган бир топ начальниктер, катардагы кызматкерлер жумуштарынан алынды. Аларга мындай чара туура эле көрүлдүбү?

- Матмусаевди алып салуу өтө эле аша чапкандык. Ал 2 ай толук иштеген жок. Ал профессионалдуу, билимдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору жана маданияттуу кадрлардын бири болчу. Союз доорунда эгерде адам дайынсыз жоголуп кетсе, үч күн убакыт берилген. Эгерде 3 күндүн ичинде табылбаса издөө иши козголгон. Биз жетекчилерди күнөөлөй берүүнүн ордуна алардын ишин тескей турган мыйзамдарыбызды иретке келтирип алганыбыз оң болчу.

- Бул жерде кыз ала качуу болду да. Сиз буга каршысызбы же салтпы?

- Кыз ала качуу туура эмес, өзүм ага каршымын. Бирок мунун үч жагы бар: биринчиси, салтка салып ала качып кетсе, аны туура көргөндөр “отуруп калсын жашап кетишет”, дешет. Экинчиси, сүйлөшүп жүрүп, атайын ала качуу жолу менен алып кетишет. Үчүнчүсү, эркине каршы ала качып кетет дагы, жашабай кайра кетип калат. Ага эл дагы, милиция дагы көнүп калган. Ушуга көнүп калган үчүн ушундай окуя болду.  

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Турсунжан.
Достойный сын,Кыргызского народа!!!