Медицинада вируска каршы дарылоого колдонулуп жаткан уу коргошун боюнча коомчулукта кызуу талкуулар жана түрдүү пикирлер байма-бай айтылууда. Көпчүлүгү далилденбеген элдик ыкманы медицинага аралаштырып жаткан саламаттыкты сактоо органдарынын иш аракеттерин сындап жатышат. Милиция органдарында 40 жылдык тажрыйбага ээ генерал-майор, Эл аралык полиция оссоциациясынын кыргызстандык секциясынын президенти Шейшенбек Байзаков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине курган маегинде, анын практикасында уу коргошундун айынан адам өлүмү менен коштолгон өкүнүчтүү бир нече кылмыштардын бети ачылбай калганын жана анын коомчулукка кеңири жайылып кетиши кооптуу экенин белгиледи.
- Учурда Саламаттыкты сактоо министри Covid-19 инфекциясын дарылоо үчүн уу коргошун ичүүнү сунуштап жатат. Аны пайдалануу ден соолукка коркунучтуу экенин көпчүлүк айтып жатат. Сиз кандай ойлойсуз?
- Биринчиден, мен медик эмесмин. Туура ойлоочу адам катары мисал келтирсем, Совет доорунда мамлекеттик стандарт (гост) деген түшүнүк болгон. Кандай өндүрүш болбосун ошол мамлекеттик стандарттан өтчү. Дары-дармектер биринчи кезекте сыноодон өткөрүлүп, анан экспертизадан өтүп, андан соң комиссиянын кабыл алуусу менен гана колдонууга макулдук берилген. А азыр болсо уу коргошунду кустардык ыкма менен эч кандай экспертизадан өткөрбөй туруп, ичүүгө сунуштап жатышат. Ошондуктан, бул дары чөптү колдонуу адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу. Алымкадыр Бейшеналиев министр да, болгондо дагы саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчиси. “Беш кол тең эмес” дегендей, элдин билими деңгээли, акыл кругозору ар түрдүү, ар ким ар кандай түшүнөт. Эми саламаттыкты сактоо министри айтып жатса, көптөрү ишенет да ага. Эң коркунучтуусу - ушунда болуп жатпайбы. Менин оюмча, эч кандай экспертизадан, клиникалык текшерүүдөн өткөрбөй элге берип жатканы – таптакыр туура эмес жана болбогон нерсе. Илимдин доктору болуп туруп, ушундай кадамдарга кантип барды мен түшүнбөйм, же президентке кошомат айткандагысыбы, же сабатсыздыгыбы? Ушундай деңгээли менен кантип илимдин доктору болуп алды?
- Сиз буга чейин табыптарга барып көрүнгөнсүзбү, деги эле элдик дарылоо
ыкмасына кандай карайсыз?
- Мен табыптарга барган эмесмин. 21-жылым. Медицина абдан өнүккөн жана
дарылануу үчүн дары-дармек жетиштүү заман. Элдик дарылоо ыкмасы деп, мен
малинанын, карагаттын вареньеси менен чай ичип, сарымсак жеп, же ушул сыяктуу табигый
азыктарды пайдаланууну эсептейм. Ошол эле койдун майын сууктап калган адамга же
жаш балдарга колдонобуз, бул дагы нормалдуу көрүнүш.
- Сиз милиция кызматында иштеп жүргөндө уу коргошунга ууланган фактылар катталган экен. Ошол окуялардын күбөсү катары өз оозуңуздан уксак. Ал учурларда уу коргошунга байланыштуу каякта, эмне окуялар болду эле?
- Уу коргошундун коркунучтуу экенин бала кезимден
билем. 1963-жылы менин кичи мекеним - Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында
кошуналарыбыздын бири дарыланам деп уу коргошун менен “миң дубананы” кошуп ичип
алып, сокур болуп калган. Ал эми милиция болуп иштеп жүргөн 40 жылдык
тажрыйбамда уу коргошунга байланыштуу көп эле факты катталган, алардын ичинен
беш кылмыштын бетин ачууга катышкам, анын бирөөсүнүн бети ачылган. 1977-жылы Фрунзе шаарында бир окуя болгон. Ичкиликтин
айынан пикири келишпей, күйөөс менен ажырашууну пландап жүргөн аял, азыркы
Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан барак тибиндеги үйдү тең бөлгүсү келбей, өзүнө
алып калуу максатында күйөөсүн ууландырууга барган. Мас болуп калган күйөөсү (үй
ээси) досу менен жумуштан келе жатып, үйүнүн короосуна кире бериш жердеги калиткада
илинип турган тор баштыкты көрөт. Ичинде алма жана коньяк болгон. Андан уртап,
даамдап көрөт дагы, үйүнө алып кирип, баягы аралашмадан дагы бир стакандан куюп
ичишет. Бөтөлкөдө калган аралашма уу коргошун экени аныкталган. Натыйжада үйдүн
ээси ооруканада каза болуп, досу тийиштүү процедуралардан соң аман калган. Ыкчам
иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө үйдүн кожейкеси (жубайы) бул окуянын
уюштуруучусу экенин мойнуна алып, бирок адвокат менен жолуккандан кийин окуя
боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Жактоочу өз ара сүйлөшүүдөн кийин шектүү
жарандын кош бойлуу экенинен пайдаланып, сурак учурунда эмоционалдык туруштугу
жок деген шылтоо менен көрсөтмө берет. Сот аны күнөөлүү эмес деп таап, камактан
бошотуп жиберген.
Андан кийинки 1980-жылы болгон окуя бүт шаарга угулган. Ленин заводундагы цехтердин биринин начальнигинин туулган күнү болуп, куттуктап коюу максатында коньяк алып келип, таштап кетишкен. Ал кезде ишканада катуу көзөмөл болуп, ичимдиктер кезек алмашканга чейин кире бериш жерде калтырылчу экен. Тергөөдө аныкталгандай, начальник жумуш аяктагандан соң коньякты өзүнүн кошунасы менен чогуу ичкен. Ал Киев көчөсүндө Военторгдун маңдайындагы “Пентагондо” жашаган, аны менен кошуна жашагандардын көбү аскер адамдары болушкан. Коньякты ичкенден кийин экөө тең ошол жерде мерт кетишкен. Анын көзүн тазалоо максатында колдонулган уу коргошундун коюу аралашмасы коньякка шприц менен куюлган. Окуя болгон жерде текшерүү жүрүп, атасынын өлгөнү тууралуу кошуналардан угуп алып, Күрөңкеевде өзүнчө жашаган кызы жетип келген. Сөөк алынып кеткенден кийин күйүт тартып, ыйлап аткан кызы баягы аягына чейин ичилбей калган коньякты уулуу экенин билбей өзү менен кошо үйүнө алып кетип, ал жакта эки досу менен (бир аял, бир эркек) ичип алышкан. Ошентип ал жактан дагы үчөө тең каза болуп калышкан. Кошуналардын мага айтып бергени боюнча, бирөөсү сүйлөй албай, колу-буту иштебей, болгону гана көзүн ачып, жумганга эле жараган. Прокурор тергөөчү шалаакылык кылып, ичилбей калган коньякты алып койгон эмес экен. Ошентип жөн жерден үч адам каза болуп, жалпы беш адамдын өмүрүн алган.
1990-жылдын башында Нарындагы ресторандардын биринде жаш бизнесмен Сыдыков досторуна ийгиликтүү иштерин жууп берүү максатында фуршет уюштурат. Эс алуу учурунда стаканда куюулуп турган шампанды ичип алып, ошол замат мерт кеткен. Уу коргошунду столдо чогуу отургандардын бири кошуп жиберген имиш. Бирок өлтүргөн адам табылбай калган.
Бешинчи окуя, Совет менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Светлана” кафесинде катталган. Эки жаш кафеге кирип, шампан буйрутма кылышат дагы ичип алып экөө тең ууланып каза болушкан. Экспертиза бөтөлкөдө уу кошулганын табышкан. Атайын ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, терең изилдешкен. Натыйжада мурда кайсы бир максатта колдонуу үчүн уу коргошун сакталган бөтөлкө шампанкомбинатта таза жуулбай калган. Мындан башка дагы уу коргошун тийген бир топ бөтөлкөлөр табылып, башка кишилердин өмүрүнө келүүчү коркунучтан сакталган.
Мурун “Ысык-Көл тамыры” деп аталган уу коргошун жана “Миң дубана” деген уулуу чөптөр тууралуу эл көп билишчү эмес, азыркы учурда кеңири жайылып кете турган болсо алардын жаман кесепеттерин тартып калышыбыз ыктымал. Мен жогоруда санап өткөндөй фактылар көбөйөт деп ойлоп атам. Себеби, өч алам дегендер душмандарынын көзүн тазалоо максатында жаман ойлуулук менен колдонушу мүмкүн. Уу коргошун элди дарылоого жеткиликтүү жайылып баштаса, аны чогултуп алышат да кийинчерээк кек сактап жүргөн адамдарды атайын өлтүрүү үчүн жаман ой менен пайдалана башташат. Ушул жагынан алып караганда, өтө коркунучтуу болуп турат.
- Ушул азыр министрге ишенип алып, уу коргошун ичип жатышат. Ага ууланып адамдар өлө турган болсо ким жоопкерчиликтүү болот? Бул кылмышка жатабы?
-
Сабаты бар адам ичпейт. Ал эми ишенип алган адамдар, мисалы айылда же тоодо
жашаган эл “бул дары колубузда эле даяр турган турбайбы” деп ичип алышы мүмкүн.
Бул өтө кооптуу. Эгерде өз алдынча ичип алып, өмүрлөр кыйылса, министр
түзмө-түз жооптуу эмес. Себеби колуна куюп берген жок да. Бирок моралдык жактан
жоопкерчиликтүү болот. Сөзсүз түрдө анын мындай кадамдарына баа берилиши керек.
Башкы прокуратурабы, же президенттин администрациясыбы, өкмөт болобу айтор сөзсүз
түрдө баа берилиши керек. Эгерде бул министр уу коргошундун аралашмасын өзүнүн бизнеси катары чыгарып жатса, анда – өз элин шылдыңдоочулук жана маскаралоочулук болуп саналат. Уу деген жылуу болобу, ысык болобу же муздак болобу, баары бир уу бойдон калат.
- Сиз көп жылдык тажрыйбага ээ инсан катары, Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын генералы катары өзүнүздүн элиңизге, тиешелүү жетекчиликтерге бул маселе боюнча кандай кеп-кеңештерди бересиз?
- Алибетте, ичпеш керек. Туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Мен
жогоруда баса белгилеп кеткендей, экспертизадан, мамлекеттик стандарттан
өтпөгөн дары каражаттарын кабыл алуу - өз өмүрүнө кол салууга барабар. Эгерде
кимдир бирөөнү атайын ууландыруу аракеттери болсо, бул далилдөөгө өтө кыйын
болгон кылмыш болуп саналат. Тажрыйбалуу медициналык адистердин айтымдарында,
адамдын бүт нерв системасын жарадар кылып салат да, адам сүйлөй албай,
буту-колу да иштебей, көзүн гана ачып, жумуп калат экен. Аны ким ууландырганын
билсе дагы, айта албай, колу менен жаңсай албайт же жазып бере албай калат.
Көрдүңүздөрбү кандай коркунучтуу? Ар бир адам колдон келсе, бул дары чөптөн
өзүн оолак кармаганы туура.
Пикирлер (1)