Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Шыкмаматов: Өкмөт өзү алапайын таппай турганда референдум өткөрүү – бул чоң ката

03.04.2020 14:50
1139
Шыкмаматов: Өкмөт өзү алапайын таппай турганда референдум өткөрүү – бул чоң ката


Өзгөчө абал кирип, өкмөт өзү алапайын таппай турган чакта референдум өткөрүү демилгесин алып чыгуу – бул чоң ката. Мындай пикирди экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов “Медиа центрге” эл өкүлү Курманкул Зулушев демилгелеп жаткан “Референдум өткөрүү тууралуу” мыйзам долбооруна комментарий берип жатып билдирди.


Анын айтымында, мындай аракет саясий жактан да, моралдык жактан да туура эмес кадам болуп саналат. Алдыда экономикалык кризис күтүп турат, анан кайдагы референдум? Азыр мамлекеттик органдар, өкмөт жана парламент жапа тырмак экономикалык кризистен кантип чыгуу керек, илдетти канткенде токтотсо болот, элдин ден соолугун кантип камсыз кылып, алааматтан кандай сактанса болот, деген гана маселе күн тартибинде болушу шарт.


Парламенттик башкаруу же президенттик башкаруу керекпи, деген сөздү козгосок, албетте президенттик бийлик акыры жүрүп отуруп үй-бүлөлүк башкарууну алып келе турган, авторитардык режим. Азыр биз жашап жаткан доорду парламенттик система деп атагандар жаңылат. Азыр Президенттик-парламенттик аралаш форма. Болгондо дагы президенттин супер укуктары менен. Ал эми парламентаризм деп аталганы эле болбосо, укуктары деле жок. Накта парламенттик башкаруу формасындагы мамлекеттерде болсо шайлоодо эң көп добуш алып келген партиянын лидери автоматтык түрдө премьер-министр болот. Ал көз карандысыз болот, коалиция урап калган күндө да ыйгарым укуктары менен премьер-министр бойдон кала берет. Аны кызматтан кетирүү боюнча бир дагы партия шантаж кыла албайт. Мына ушуну айтат парламенттик башкаруу деп. Ошондой эле парламенттик аянтча дайыма журналисттер үчүн ачык болот, ар бир дискуссияны эл көрүп турат. Бийликтин бары премьер - министрдин колунда болот. Ал жылына эки-үч жолу парламентте отчет берип, андагы ар түрдүү көз караштагы саясий топтор менен дискуссияга чыгып, алардын курч суроолоруна жооп берүүгө дайым даяр турганы, коомчулукта бары ачык айтылып турушу – бул парламентаризм болуп саналат”, - дейт Шыкмаматов.


Экс-депутат белгилегендей, парламенттик башкаруу негизинен элге жакын система. Ал эми президенттик система - бул жабык институт, президент кааласа элге чыгат, каалабаса чыкпайт. Ага эч ким ыңгайсыз суроо бере албайт, дискуссия кыла албайт. Ошондуктан президенттик системаны тандап артка кетүүгө эл жол бербейт.


Парламенттин сапаты начар десе ал башка кеп, ушул депутаттар начар деп жалпы системаны талкалап салган ал туура эмес. Эгерде биз качандыр бир реформага барабыз дей турган болсок, тескерисинче парламентаризмди өнүктүрүү абзел”, - деп кошумчалады саясатчы.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн