Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шишибей келишимдүү көрүнгүңүз келеби?

08.04.2024 15:49
140
Шишибей келишимдүү көрүнгүңүз келеби?


Териңиз жалтырап турсун
Кечинде уктаардан мурун бир саатты өзүңүзгө арнап, сулуулугуңузга кам көрүңүз. Бет териңиздин абалына жараша скраб, маска коюп азыктаныдырыңыз. Мындай кам көрүүнүн натыйжасында эртең менен бетиңиздин өңү жакшырып, жалтырап, сыйдам болуп жагымдуу көрүнөт.

Көзүңүз асты шишик тартпасын
Эң биринчи эле көздөрүңүз көзгө урунат эмеспи, андыктан көзүңүздүн алдындагы кара-көк тактардан жана шишиктен арылыңыз. Ал үчүн ар дайым жемиштердин же пайдалуу чөптөрдүн тундурмасынан жасалган муз менен сүртүп жүрүңүз.

Кашыңызды формага салыңыз
Бетиңиздин жана көзүңүздүн формасына шайкеш келип турган каш дагы келбет үчүн маанилүү. Калыптагыдай кашыңыз сиздин көркүңүздү ачат.

Колуңузга кам көрүңүз
Кам көрүлбөгөн колуңуз назиктигиңизди жоготот. Өңү жарым-жартылай өчкөн лактын издери же өскөн тырмак жана түлөгөн абал буга себеп болот. Андыктан кечинде азыктандыруучу маскаларды коюп, крем сүйкөп, тырмактарды иреттүү алып жүргөн жакшы.

Жүзүңүзгө массаж жасаңыз
Күн сайын массаж жасап жүрсөңүз, майда бырыштардан арыласыз. Муну адатка айландырып алыңыз. 10 мүнөт убакыт жетиштүү.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн