Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шопоковдо нефтебазадан чыккан өрт фактысы боюнча милиция кылмыш ишин козгоду

04.07.2023 11:01
213
Шопоковдо нефтебазадан чыккан өрт фактысы боюнча милиция кылмыш ишин козгоду


Шопоков шаарындагы нефтебазадан чыккан өрт фактысы боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти, деп жазат 24.kg агенттиги.


Маалыматка ылайык, тергөө иштерин Сокулук районунун милициясы жүргүзүүдө.


«КР Кылмыш-жаза кодексинин «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Өрттүн так себеби азырынча тактала элек. Экспертиза жүрүп жатат», - деп билдиришкен.


Эске салсак, Шопоков шаарындагы мунай базасында өрт 20-июнда чыккан. Бир нече күйүүчү май куюлган цистерналар жарылган. Өрт толугу менен кечинде гана өчүрүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн