Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Шри-Ланкада нааразылык акциясынын катышуучулары президенттин резиденциясын басып алды

09.07.2022 18:36
914
Шри-Ланкада нааразылык акциясынын катышуучулары президенттин резиденциясын басып алды


Шри-Ланканын президенти Готабаи Ражапкасынын резиденциясын басып алган массалык нааразылык акциясынын катышуучулары имараттын ичин тинтүүгө киришти.


Жергиликтүү телеканал көрсөткөн кадрлардан көрүнүп тургандай, ондогон демонстранттар бөлмөлөрдү жана шкафтардын ичиндегилерди, анын ичинде мамлекет башчынын жеке буюмдарынан бери тинтүүгө алышкан.


Ошондой эле митингчилер президенттик бассейнге түшүп, ашканага барып тамак жасап ичишкен. Акыркы маалыматтарга караганда, президент Ражапакса чабуул башталганга чейин резиденциядан эвакуацияланып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Саясатчы чет өлкөгө учак же аскердик кеме менен чыгууга аракет кылган. Учурда анын жүргөн жери тууралуу так маалымат жок.


Шри-Ланка 1948-жылы Улуу Британиядан эгемендүүлүк алгандан берки эң олуттуу кризисти баштан кечирүүдө. Тактап айтканда, Шри-Ланкада күйүүчү май дээрлик жок, импорттук азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн