Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын көбөйүшү байкалып, өлүм күн сайын катталууда.
Буга байланыштуу республикалык штаб жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырат:
- Беткап тагыныңыздар!
- Социалдык аралыкты сактаңыз!
- Колуңузду самын жана антисептик менен көп жууңуз!
"Азыр ОРВИ жана сасык тумоонун мезгили экендигин, адамдын денеси аялуу экендигин, иммунитетти чыңдап, ден соолугуңузга кам көрүү маанилүү экенин унутпаңыз!", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн