Ютубдагы “Максым Медиа” баракчасында Өзбекстандын Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевдин аудиосу делген тасма тарады. Анда аким кайсы бир жыйында ага катышып жаткандарды катуу тилдеп жатканын угууга болот. Ошондой эле Сохтун 74 тургунун Ферганага алып барып камай турганын да айтып коркуткан. Мындан сырткары Сох районунун эли бүтүндөй өзбекстандыктарды шерменде кылганын эске салган. Бул окуя жакында чыккан чырга байланыштуу экени азырынча белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн