Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Швецияда мусулман балдар окуган мектепти өрттөп жиберди

Швецияда мусулман балдар окуган мектепти өрттөп жиберди

Швецияда белгисиз адамдар мусулман үй-бүлөлөрүнүн балдары окуган мектептердин бирин өрттөп жиберишти.

Окуя Эребро шаарындагы "Алсаламсколан" мектебинде болгон.


Мектептин директору Хуссейн Алдаодинин берген маалыматына караганда, видеотасмада эки белгисиз адам мектепти кантип өрттөп жибергени көрсөтүлгөн. Анын айтымында, тасма полицияга өткөрүлүп берилген.


«Беткап кийген белгисиз адамдар биринчи кабаттагы терезелерди сындырып, мектепке тез күйүүчү зат ыргытышкан. Окуя таң эрте болгон, бактыга жараша мектепте эч ким болгон эмес», - деди Алдаоди.

Учурда полиция кызматкерлери тергөөнү улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн