Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Швециянын ТИМ башчысы Кулубаевге Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат берди

01.08.2023 15:21
323
Швециянын ТИМ башчысы Кулубаевге Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын сүйлөшүүсү күн мурун, 31-июлда швед тараптын демилгеси менен өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

"Швециянын тышкы иштер министри Ыйык Куран китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек деген пикирин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн