Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Швециянын премьер-министрин өлтүргөн адам аныкталды

10.06.2020 17:29
985
Швециянын премьер-министрин өлтүргөн адам аныкталды


Бүгүн, 10-июнда Швециянын прокуратурасы 1986-жылы өлкөнүн премьер-министри Улоф Пальмени өлтүргөн адамдын аты-жөнү белгилүү экендигин билдирди. Ал азыр тирүү эмес – Scandia камсыздандыруу компаниясынын мурдагы кызматкери Стиг Энгстром өлкө премьери Улоф Пальмени жубайы Лисбет менен кинодон жөө кайтып келе жатканда Стокгольмдун көчөсүндө аркасынан эки жолу ок аткан. Ал күнү премьер сакчыларсыз болгон.


Бул окуя боюнча миңдеген адамдар суракка алынган. Адегенде бейкүнөө эле бир адам соттолуп, иш кийин кайра каралган. Стиг Энгстром болсо күбө катары суралган. Ал 2000-жылы өз жанын өзү кыйган. Премьердин өмүрүнө Энгстром кол салган деп журналист Томас Петтерсон жазып чыккандан соң, 2018-жылы бул версияны полиция кайрадан иликтөөгө алган.


Швециялык саясатчы, Социал-демократиялык партиянын лидер Свен Улоф Йоаким Пальме эки ирет (1969-1976-ж.ж. жана 1982-1986-ж.ж.) премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал өлгөндөн учурдан үч күндөн кийин расмий сапар менен СССРге бармакчы болуп жаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн