Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Швейцария Кыргызстанга 300дөн ашык лыжа жабдууларын берди

20.06.2023 13:09
691
Швейцария Кыргызстанга 300дөн ашык лыжа жабдууларын берди


Швейцария Кыргызстанга 300дөн ашык лыжа жабдууларын берди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.


Жабдууларды аймактарга – Чүй жана Ысык-Көл облустарына 80ден, түштүк аймактарга 50 даанадан берүү пландалууда.


Айбек Абдымомунов ошондой эле республикада кышкы спортту өнүктүрүүнү каалашарын, ал үчүн балдар, машыктыруучулар менен иш алып баруу, алардын деңгээлин көтөрүү керектигин белгиледи.


Эске салсак, Кыргызстанда жакында эле “Кыргыз лыжа спорту” федерациясы түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн