Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 22:28
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Швейцария өкмөтүнүн бейөкмөт уюмдарга карата камкордугу тууралуу

15.10.2021 16:12
3390
Швейцария өкмөтүнүн бейөкмөт уюмдарга карата камкордугу тууралуу


Швейцария өкмөтүнүн бейөкмөт уюмдарга карата камкордугу тууралуу жазып турайын. Башында абдан катаал мамиле бардай сезилет. Себеби, дараметиңди, иштей аларыңды далилдешиң керек. Баарына карашат: билимиң, тажрыйбаң, институттун стратегиясы, БУУ жана башка уюмдар менен иштеше аласыңбы, эксперттик дарамет барбы, уюштуруучулуктан аксабайсыңбы ж.б. Кыскасы, тынбай иштеп ким экенинди далилдешиң керек. Бул сыноодон жакшы өтүп алгандан кийин офис үчүн аракет кыла баштайсын. Офисти ижарага алуу да бир чоң маселе. Акчаны убагында төлөп турам деп койсон эле бере калбайт. Имараттын ээси сени тыкыр иликтеп, сенин таржымалынды толук аныктап анан чечим кабыл алганча 6 айдан 10 айга чейин убакыт кетет. Кээде чечимди бир жыл күткөндөр бар. Баш тартып да коюшу толук ыктымал. Ижара келишимине кол койгондон кийин мамлекеттен субсидия алыш үчүн чон конкурска катышасын. Атаандаштык көп. Эгер конкурстан ийгиликтүү өтүп алсан, анда офисиндин ижара акысын мамлекет эки жыл бою төлөп берет. Мамлекеттин бул саясаты бейөкмөт уюмдардын коомго пайдасын моюнга алуу менен аларды колдоо үчүн жолго коюлган. Атуулдук коомго мындан башка дагы жагымдуу шарттар көп.  Салыктардан бошотулушат. Бирок, салыктардан бошотулуш үчүн да чоң иргөөдөн өтөсүн. Учурда Женева шаарында эле 2 минге чукул бейөкмөт уюм бар. Демек, ошого жараша катаал атаандаштык бар. Суурулуп чыгып, өз ордунду табыш абдан оор. 


Булан институту Женевада өз кеңсебизге ээ болгонубузга аз эле болду. Ошол эки миндей уюмдун арасында өз ордубузду да таптык деп ойлойм. Бул болсо биздин сайтыбыз: www.bulaninstitute.org.


Женевага киминер келсенер да ушул жакта кыргыздардын офиси бар деп баш багып тургула. Эшигибиз дайым ачык!


Чолпон Орозбекова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн