Бугу 07, 2024
Убакыт: 13:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Швейцария жана БУУ фонду Кыргызстанга 15 млн сомдук колдоо көрсөттү. Гумжардамдын тизмеси

16.07.2020 09:04
1069
Швейцария жана БУУ фонду Кыргызстанга 15 млн сомдук колдоо көрсөттү. Гумжардамдын тизмеси


Швейцария жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө Кыргызстандагы медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттарды беришти. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 

Швейцария өкмөтү БУУнун калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен өнөктөштүктө Кыргызстанга Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуучу каражаттарды беришти – бул колдоо 15 млн сом өлчөмүндө көрсөтүлдү.

Бардык жеке коргонуучу каражаттар Кыргызстандын Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы медициналык мобилдик бригадаларды жабдууга берилет.

Берилген гуманитардык жардамдар:

Колкаптар - 100 коробка;
Жеке халаттар - 3800;
Комбинезондор - 3800;
Респиратордук беткаптар (FFP2) - 3700;
Хирургиялык беткаптар - 5000;
Көз айнектер – 3800;
Бетти коргоочу калкандар – 3800.

Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду медициналык мекемелерге аталган түйшүктү азайтууга жардам берүү үчүн бардык санитардык-гигиеналык чараларды аткарууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн