Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Швейцарияда Кыргызстандын 19 тонна алтыны сатылган

28.10.2022 17:50
454
Швейцарияда Кыргызстандын 19 тонна алтыны сатылган

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев "Альянс" парламенттик фракциясынын жыйынында 19 тонна кыргыз алтынынын чет өлкөдө сатылышы тууралуу айтып берди.


Анын айтымында, 2021-жылы Улуттук банк "Кыргызалтындан" 20,5 тонна алтын сатып алган.


"Бул алтын Улуттук банктын балансында болгон жана кийин анын 19 тоннасы Швейцарияга сатылган", - деди Чокоев.


Ал баалуу металлды сатуудан түшкөн 1 млрд доллар курсту кармап турууга (760 млн долларга жакын) жана тышкы карызды жабууга (250 млн доллар) жумшалганын кошумчалады. Калганы банкта сакталып турарын жана КР Улуттук банкына тиешелүү экенин билдирди.


"Алтындын сакталышын изилдей турган комиссия жакында келет жана биз аларга бул документтерди көрсөтүүгө даярбыз. Алар "Кызматтык колдонуу үчүн" макамына ээ. Барын көрсөтүп, түшүндүрүп беребиз", - деди ал.


Чокоев ошондой эле валюта курсун турукташтыруу максатында коммерциялык банктарга жана акча алмаштыруу жайларына чет өлкө валютасын сатуудан түшкөн каражаттар жөнгө салуучу органдын балансында турганын жана толук эсепке алынганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн