8-күн
Куду кинодогудай. Кайсы бир апаат жөнүндөгү. Анда да ушинтет, улам айтып турат: окуянын 1-күнү же 5-күнү деп. Бүгүн Швейцарияда өзгөчө кырдаалдын 8-күнү. “Мен азыр бат эле келем” дедим да үйдү жаап дүкөнгө жөнөдүм. Женева. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жайгашкан бул шаарда акыркы эле эки күндө коронавирустан 11 адам көз жумду. Ал эми өлкө боюнча 60 киши каза тапты. Ооругандар 7014. Каза болгондордун жарымы Тичино кантонунда болду. Тичино – Италия менен чектешкен жер. Ошол. Түштөн кийинки маалымат ушундай. Эртең эмне болот, кандай болот аны эч ким билбейт… Прессада, ар бир расмий маалымат булагынын эң башында чоң тамгалар менен жазылып турат: “ Өтө зарылчылык болмоюн үйүңөрдө чыкпагыла, өзгөчө 65 жаштан өйдөкүлөр. Швейцария бийлиги жана Федералдык Кеңеш сиздерге ишенет!” деп. Муну баары билет жана түшүнөт. Бирок адамзаттын тирилиги бир жипке тизилген бойдон жылбайт тура. Ал баары бир улам оңго, улам солго ашып өтүп агат экен. А биздин “көрүнбөс жоо” ошону да пайдаланып атыры, улам чийинден чыкканына чап жабышып, буттан алып…
Ошентип 8-күн
Дүкөнгө чейин эки көчө. Баратсаң зуу этип адашкансып машинелер өтөт. Баягы, айылдык ата шаардыктарга таң калгандай өзүңчө кобурайсың: “Каякка баратат десең булар…абал минтип атса?” Аңгыча көзүм бирөөнө урунду. Мигро дүкөнүнүн үстүндөгү көп кабат үйдүн чоң балкону… Баягы кемпир! Бүкчүйгөн, качан көрсөң ит жетелеген кемпир. Мени көрө койдубу же эмне болду шарт артка бурулуп үйүнө кирип кетти. Ал мени көргүсү келбегенинин бир себеби бар. Качан көрсөм, качан бет маңдай жолугуп калсам токтотуп алып ар кайсыдан айтып сүйлөп берээр эле. Каякта согуш чыкса, көңтөрүш болсо, апаат болуп суу каптаса айтор ар бир дүйнөлүк апааттан кийин минтип айтканын койчу эмес: “Ии жакшы турасыңарбы, үй-бүлөң кандай? Мына угуп атасыңарбы тиякта эмне болуп атат, аа, ии, көрдүңбү, ушундай, бул жерде болсо бейкапарсыңар, согуш эмне экенин, көтөрүлүш эмне экенин билбейсиңер, ишиңер да жок, алигидей суу ташкын деген болбойт! Карагыла, элдин баары тынч, бейкапар. Жашай бергиле, макул анда, итим экөөбүз кетели” деп кетип калчу. Ушинтип кыйытып тийишчү. Булардын жеринен башкасында бакыт түгөнүп калгансып сүйлөчү. Ой-бай кемпир сүйлөй берчи деп тим болчумун. Дайыма ошентип ойлогон кемпир эми балконунан ары чыга албай камалып олтурганына “уялып” кетти окшойт. Тилекке каршы же тилекке жараша дүйнөдөгү дал ушундай каармандар “өз ордун билип, түшүнүп” атышкан учуру. Мен эле ушундаймын, биз эле ушундайбыз, өзгөчөбүз, кыйынбыз дегендерге. Дегеле бул апааттын баарыбызга, жалпы адамзатка болгон сабагын көбү жазып атышпайбы. Ал чындык. Туура. Анткени маңызы, сыры, сөөмөй кезегени дал келип атыры. Туура чыгып. Аң сезимдеги революция деген ушулдур. Ушул болоор. Ооба, акыры алааматтын эртеси да болоор. Жашоону жаңыдан көргөнсүп балким ошондо жаңы жашоо башталаар. Эски эссиз ойлордон арылаарбыз. Анткени бул апаат диниңе, жериңе, мамлекетке, расаңа караган жок. Акырын жакадан алып силкип койду: баарыңын маселең бир, кетирген катаңар бир, шыйпаңдаган куйругуң бир, андыктан көзүңдү ач, бул деген ЖЕР, бул деген Асман, бул деген көрбөйт деген улуу Кудай! деп…
8-күн. Швейцария. Коронавирус шкаласы: акыркы бир ай бир тең да акыркы 3 күн бир тең болду, көрсөткүчтөр күн санап өсүп атат. Эртең эмне болот, анан кандай болот билбейбиз. Баарыбыз балкондобуз камалып. Сүрөтчүлөр бир укмуш сүрөт тартсын: бүт адамзат үйдөн чыкпай терезеде тыгылганын, же бир көрүнгөн душманы жок, аларды аткылаган замбирек, учагы жок, калтырап үйүндө камалганын…
Жеңишбек Эдигеев, Швейцариядагы кыргыз журналисти
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн