Швейцария бийликтери поездде жалпы наркы 152 миң фунт стерлингге барабар 3 килограм алтыны бар куржунду унутуп кеткен адамды издеп жатат деп маалымады Daily Mail басылмасы.
Баалуу металл салынган куржунду поезддин жүргүнчүлөрүнүн бири 2019-жылдын октябрында темир жолдун Санкт-Галлен жана Люцерн станцияларынан аралыгында унутуп кеткен. Унутчаак жүргүнчү жоготкон алтынын алуу үчүн 5 жыл убакыт бар деп эскертет бийликтер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн