Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлерине май айы үчүн 131 миллион 788 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, компенсация коронавирус менен күрөшүүгө тартылган 5 094 медикке берилген.
Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында эмгектенген төмөнкү сандагы кызматкерлерге кошумча акы берилди:
- - стационар менен госпиталдагы 2 901 медикке 101 миллион 108 миң сом;
- - обсервациялардагы 651 кызматкерге 15 миллион 629 миң сом;
- - мобилдик бригададагы 334 кишиге 8 миллион 88 миң сом;
- - Тез жардам станцияларындагы 809 ак халатчанга 3 миллион 64 миң сом;
- - санитардык-карантиндик пункттагы 55 адамга 452 миң 900 сом;
- - патологоанатомиялык кызматта иштеген 8 кызматкерге 36 миң 700 сом;
- - башка кызматтарда (лаборанттар, анализ ташыган айдоочулар) эмгектенген 336 кишиге 3 миллион 408 миң сом.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн