Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

СПИД менен ооруган адамдар эмдөөдөн өтсө болобу?

СПИД менен ооруган адамдар эмдөөдөн өтсө болобу?

СПИД менен ооруган адамдар эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун директору Умуткан Чокморова билдирди.


Анын айтымында, ВИЧ менен ооруган адамдар эмделе алат жана муну жасашы керек деген эл аралык сунуштамалар бар. ВИЧке чалдыккан адамдарды эмдөөнүн бир айырмасы бар: лимфоциттердин – иммунитет үчүн жооп берген клеткалардын өтө төмөн деңгээли – бир микролитрде 200 клеткадан аз.


CD4 клеткаларына анализди СПИДге каршы күрөш борборлорунда акысыз тапшырса болот.


Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан адамдар коронавирустук илдетке ыкчам тест тапшыра алышат. ПЧР тест тапшыруу үчүн алар СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча облустук борборлорго жана Республикалык СПИД борборуна кайрыла алышат, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен байланышта болгондор акысыз текшериле алышат.


Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдө жүргүзүлгөн байкоолорго ылайык, ВИЧ менен жашаган адамдарда бир же бир нече коштоочу оорусу болот, бул бейтаптар ВИЧ инфекциясы жок адамдарга салыштырмалуу COVID-19ду оор түрүндө көтөрүп, аларда өлүмгө дуушар болуу тобокелдиги жогору.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн