Сулайман Рысбаевдин "Апендинин өмүрү" аттуу повести жарык көрдү. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Китеп "Жамгыр" басмасынан жарыкка чыкты. "Күлкү менен акылмандыктын символу" болгон Апендинин өмүрү - биз үчүн бүгүн үлгү. Хандан - бектен кайра тартпаган, хан менен бекке сөзү менен теңелген, жупуну жашап өткөн Апенди бул дүйнө менен талашып- тартышып жашап, жер жүзүнөн акыйкат издеп дүйнө кезип кетет. Ошон үчүн ал өлбөс элдик каарман катары бүгүн да арабызда жашап келет.
Китеп дүкөндөргө сатыкка чыкты.
Пикирлер (2)