Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Элмирбекти бул ооруга жеңилет деп ойлогон эмеспиз, - санаалаштарынын эскерүүсү

21.04.2020 13:35
3263
Элмирбекти бул ооруга жеңилет деп ойлогон эмеспиз,  - санаалаштарынын эскерүүсү

 

Ак таңдай акын, кыргыз сахнасынын жүзү, таланттуу төкмө жана бир катар обондуу ырлардын автору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин жарык дүйнөдөн өтүп кеткени бүтүндөй кыргыз элинин кабыргасын кайыштырып, оор жоготууга учуратты.


Акын, журналист Мирлан Самыйкожо билдиргендей, ушул тапта аза күтүүгө келүүнү каалагандар абдан көп, кабар берилбегенине карабай кыйышпас жакындары келип жатат. Көптөр келе албай калганына өкүнүп, телефон аркылуу көңүл айтып жатышат.


Өз кезегинде “Медиа центр” агенттиги Элмирбек Иманалиевдин кыргыз маданияты үчүн жан күйгөн эмгектерин эске салуу максатында анын замандаштары, кесиптештери, чыгармачылыгына колдоо көрсөткөн инсандардын эскерүүлөрүн уюштурду.


Садыр Шер-Нияз, Кеңештин депутаты, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү, кинорежиссер :


- Элмирбек Иманалиевдин сөз десең сөзү, обон десең ар бири шедеврге айланган обону бар, манасчы, күүчү жана артисттик чеберчилиги мыкты, айтор бардык жагынан суурулуп чыккан төрт аягы төрт жорго акын эле. Ал төрт сап ырга ааламды батырган төкмө болчу. Элмирбектин мыкты сапаттарын эми эстей баштайбыз, ал минтчи эле, антчи эле деп.


Мен эгерде Токтогул же Жеңижок жөнүндө кино тартсам, анын ролуна Элмирбек жарайт деп ойлочу элем. Чоң акын катары тасмага түшүп калса жакшы болбойт беле кантейин эми, тагдыр жолунун башкача мыйзамы болот экен.

Мунун бары ырларында көрүнүп турат, эгер саресеп сала турган болсок. Чыгармачыл адамдын көңүлү гүлдөй болуп турат эмеспи, бул жерде биринчи сүйүүсү, өзүнүн жүрөгүндөгү ички руханий оорусу да кошумча болду окшойт.


Азамат Болгонбаев, төкмө акын, маркумдун өкүл баласы: 


 - Элмирбек агабыз жаратмандык жагынан көп нерсе калтырып кетти. Биринчиден 14 жашында улуу өнөргө аралашкан. Ал куракта улуу сахнага чыгуунун өзү чоң жаратмандык. Экинчиден “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири катары аймактагы, шаардагы акындардын баарынын башын бириктирип, фондго чакырып, көчтүн башы болуп туруп берген. Үчүнчүдөн, саясий жагынан да жаратмандык кылган. Илгери Токтогул атабыз саясатты ырдайм деп сүргүнгө айдалган эмеспи, Элмирбек агабыз дагы саясий турмушту таасын айткан, бул жагынан көптөгөн акындар үчүн үлгү боло алган. 2000-жылдары саясат олку-солку болуп турган учурда:


“Жаттан карыз көп алды

Жан кечтилер жеп алды.

Бөлөктөн карыз көп алды,

Бөрүлөр талап жеп алды” деп ырдаган саптары бар.


Ошондой эле “Жоктоо” ыры да төкмөлүктө негизги жанрлардын бири, Ч.Айтматов, А.Масалиевди жоктоодо Э.Иманалиев бул жанрды кайра жараткан.


Бул киши менден 5 жаш улуу болгонуна карабай жогорку окуу жайда группалашым болгон. Жаңы окууга келгенде Э.Иманалиевди көрүп мугалим экен деп ойлогом, кийин группалашым болуп чыкты. Айтышта биринчи жолу мен Элмирбек ага менен айтыштым. Группалаш катары да көп байланышта болуп жүрдүк, турмуштук жакын катташта жүрүп, кийин өкүл ата кылып алдым. "Айтыш" фондуна катчы болуп иштөөгө ушул кишинин сунушу болгон. Өмүрүмө жана өнөрүмө ушул киши өрнөк болуп жол көрсөткөн. Ички дүйнөсүн сыртка өтө чыгара бербеген адам эле. Албетте ооруп жүргөнүн сезчүбүз, сырдашчубуз. Бирок өтө зарыгып кыйналып, жапа чегип турганын билдире берчү эмес.  


Зайырбек Ажыматов акын, журналист:


 - Элмирбек кийинки төкмөлүк өнөрдү аркалаган муундардын төрт тарабы төп келген акыны эле. Үнү, сөзү, акылы, таланты, интеллектуалдык деңгээли бийик инсан болчу. Салттуу ырчылык өнөрдү алып жүргөн бүгүнкү күндүн анык залкары эле. Келечекте Элмир экөөбүз поэзия кечесин өткөрөлү деп пландап атканбыз. Сценарийин жазып, өзгөчө нукта өткөрүүнү талкуулап турган учурубуз болчу. Себеби дегенде Элмирбектин ырларындагы жалгыздык менде дагы болуп калышы мүмкүн, мендеги тема анда болушу мүмкүн. Айтор үндөшкөн ырларды окуп, кош поэзия кечесин өткөрүү алдында турганбыз. Элмирбек бардык тарабынан бышып жетилген мезгилинде кетип калды. Жеке эле ырчылык, төкмөлүк өнөр менен гана чектөөгө болбойт. Көп ишке көзү жеткен, калыптанып калган инсан болуп калган, көп окуган, көптү билген жан эле. Бул оору менен 10 жылга жакын күрөшүп жүрдү, ооруга жеңилип калат деп эч ойлобоптурмун. Күнүгө таңга маал көнүл көтөргөн, жакшы маанай, ийгилик каалаган билдирүүлөрдү WhatsApp аркылуу жиберип турар эле.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн