Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:52
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

СТВ каналынын директору алмашты

19.02.2022 11:03
531
СТВ каналынын директору алмашты

Чолпон Шаикова Чүй облустук медиа борборунун (СТВ) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Шаикова Чолпон Кавылбековна Чүй облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. 


Чолпон Шаикова эмгек жолун 1993-1994-жылдары жеңил өнөр жай колледжинде кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштаган.


Ал көп убакыт Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык кабарчысы болуп эмгектенген. 


2001-2006-жылдары "Кызыл Жарым Ай" коомунун Ысык-Көл облустук комитетинин төрайымы;


2003-2006-жылдары Ысык-Көл областтык маданият башкармалыгынын орун басары; 


2003- 2007-жылдары Чолпон-Ата шайлоо комиссиясынын төрагасы;


2008-2012-жылдары Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, 2004-2007-жылдары. Чолпон-Ата шаарынын жаштар комитетинин төрайымы;


2016-жылы – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, 2014-жылы катчылыкта медиа координатор болуп иштеген;


2015-жылы Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясында коомчулук менен байланыш боюнча адис кызматын аркалаган;


2016-2021-жылдары Ысык -Көл облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон. 


Билим жогорку. 1988-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аяктап, "Тарых жана коом таануу мугалими» адистигине ээ болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн