Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

С.Жапаров Финансы министрлигине тышкы карызды төлөө боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырды

30.10.2020 09:07
497
С.Жапаров Финансы министрлигине тышкы карызды төлөө боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырды


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 29-октябрдагы өкмөттүн жыйынында министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Финансы министрлигине социалдык төлөмдөрдүн, тагыраак айтканда, айлык акы, пенсия, жөлөкпулдардын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган чараларды күчөтүү, ошондой эле өлкөнүн тышкы карызын төлөө боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.


Ошондой эле, ал чакан жана орто бизнести, инвесторлорду коргоону, бизнести туруктуу негизде жүргүзүүнү камсыз кылуу керектигин белгиледи. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн