Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

С.Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы У.Шаршеевди кабыл алды

26.10.2020 13:16
540
С.Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы У.Шаршеевди кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Баткен районундагы Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрдагы окуя тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орнотуп башташкан. Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

Азыркы тапта куруу иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болууда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Президенттин м. а., премьер-министр Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгиледи.

«Чечилбеген көйгөйлөр болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болот», — деп баса белгиледи ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн