Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

С.Жээнбеков Армениянын президенти Армен Саркисянга куттуктоо жолдоду

22.09.2020 11:54
925
С.Жээнбеков Армениянын президенти Армен Саркисянга куттуктоо жолдоду


Президент Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын президенти Армен Саркисянды жана армян элин Армениянын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

«Кыргызстан менен Армениянын ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуусунун оң динамикасын, ЕАЭБдин  жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүктүн өз ара аркеттенүүсүнүн жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз эки өлкөнүн элдери үчүн кыргыз-армян өз ара пайдалуу комплекстердин баарын мындан ары да өнүктүрө аларыбызга бекем ишенем», — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Армен Саркисянга бекем ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, ал эми достук мамиледеги Армения элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн