Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

17.08.2020 11:30
994
«Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди


Президент Сооронбай Жээнбеков «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам өзүн-өзү өнүктүрүү же жеке керектөөлөрүн канааттандыруу максатында билимдерди жана көндүмдөрдү алууга багытталган кошумча билим берүү кызматтарды алуу боюнча жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык педагогдук ишти иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогдук квалификациясы бар адамдар ээ болушат, ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо.

Мыйзамдын 28-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:

— кайра даярдоодон өткөн;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;

— репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.

Кол коюлган мыйзам менен «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн