Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

С.Жээнбеков Кытайга тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүүнү сунуштады

14.09.2020 09:56
922
С.Жээнбеков Кытайга тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүүнү сунуштады


Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу  кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болуп өттү.


Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.


Мамлекет башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп,  гуманитардык жардам көрсөткөнү, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.


Сооронбай Жээнбеков электрондук соода жана маалыматтык технологиялар сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул өз кезегинде өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт.


Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жолугушуу үчүн президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жолдогон саламын айтты.


Ал ошондой эле Си Цзиньпиндин  билдирүүсүн окуп берди. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер коронавирус инфекциясы пандемиясынан улам келип чыккан сыноолорго туруштук бергендиги, эми азыр  пандемиядан кийин кызматташтыкты, анын ичинде «Бир алкак — бир жол»  демилгесинин алкагында да бекемдөөгө көңүл буруу керектиги жөнүндө белгиленет.


Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн