Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат

19.08.2020 12:25
911
Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн