Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

С.Жээнбеков Пакистандын президентин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

14.08.2020 12:59
999
С.Жээнбеков Пакистандын президентин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августта Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвини жана Пакистан элин Пакистан Ислам Республикасынын улуттук майрамы — Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


«Бизди тарыхый жана маданий жакындыкка негизделген салттуу достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташтык байланыштырып турат.


Ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн зор дараметке ээ болгон кыргыз-пакистан мамилелери эки элдин бакубаттуулугу үчүн мындан ары да өнүгөрүнө терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Сооронбай Жээнбеков Ариф Алвиге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми Пакистан элине тынчтык жана өнүүгү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн