Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сооронбай Жээнбеков Тажикстан президенти менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү сүйлөштү

28.03.2020 11:48
736
Сооронбай Жээнбеков Тажикстан президенти менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү сүйлөштү


Бүгүн, 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду 2020-жылдын 1- жана 27-мартта өткөн Тажикстан Парламентинин төмөнкү жана жогорку палатасынын депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Мындан сырткары, коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасына болгон анын кесепеттерин жумшартуу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн