Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу 26-июнда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
«Россия президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага барганына ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калганын өкүнүү менен белгиледи. Ошондой эле Жеңиш парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргызстандын аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди. Улуу Жеңиш эки өлкө үчүн ыйык мааниге ээ экенине токтолгон.
Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтты.
Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи.
Ошону менен бирге кыргызстандыктар Москванын Кызыл аянтында Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун аскерлери жеңишке жетишкен ата-бабаларындай болуп параддан өткөнүн чоң кызыгуу жана сыймыктануу менен көрүшкөнүн баса белгиледи.
Эки мамлекеттин жетекчилери стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашышты», - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн