Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:08
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

С.Жээнбеков отставкага кетти. Конституция боюнча президенттин милдетин ким аткарат?

15.10.2020 14:47
761
С.Жээнбеков отставкага кетти. Конституция боюнча президенттин милдетин ким аткарат?

Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, анда отставкага кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. 

Өлкө башчы өз эрки менен отставкага кеткен учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктары кимге жүктөлөт? Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинде мындай деп жазылган: 

68-берене.

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат.

Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министр же премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн