Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышты

28.11.2021 16:51
469
Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышты

Саат 16:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча 829 миң 171 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Ага ылайык, ал жалпы шайлоочулардын 22,39 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 815 миң 896 шайлоочу (22,54%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 4 миң 689 (5,57%) адам өз тандоосун жасады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн