Теке 07, 2024
Убакыт: 23:50
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда, - Чек ара кызматы

01.05.2021 17:21
909
Саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда, - Чек ара кызматы


Бүгүн, 1-майда саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Мирзамир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, чек ара заставалары күчөтүлгөн режимде кайтарылууда.

“УКМКнын Чек ара кызматы чек араны толук кандуу кайтарып, көзөмөлдөөдө”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 33ү набыт болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн