Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Саатына 10 фунт. Быйыл 2000 жумушчу Улуу Британияга жөнөтүлөт

14.01.2023 11:31
290
Саатына 10 фунт. Быйыл 2000 жумушчу Улуу Британияга жөнөтүлөт

Быйыл 2 миңдей кыргызстандык Улуу Британияда убактылуу ишке орношо алат. Бул тууралуу келишимге 31-декабрда кол коюлганын КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.


Алты айлык программа боюнча Улуу Британиянын фермаларында 18-46 жаштагы кыргызстандыктар иштей алат.


"Жумушчулар эки эселеген айлык, тагыраагы, саатына 10 фунт стерлингден (1 040 сомдун тегереги) алышат", — деп айтылат билдирүүдө.


Каттоо 2023-жылдын 17-январында саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Арабаев окуу жайынын имаратында (Раззаков, 51) жана Ош шаарында ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин имаратында жүргүзүлөт.

Программа боюнча толук маалыматты 0312 641764 телефону аркылуу алса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн