Сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун апасы ооруканада анын баласына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жардам көрсөтүлгөнүн төгүндөдү.

“Учурда уулумдун өпкөсүнөн суу сордурулуп жатат. Уулумдун ден соолугу ушунчалык начарлап, оор абалда ооруканада жатат. Ал окуя болгонго чейин мага конокко келген. Бөлүмгө келгенде андан акча талап кыла башташыптыр. Кетээр алдында дары-дармекке акча керек болгондуктан жол кире, сууга болгону 200 сом бергем. Аны 26-майдан 31-майга чейин сабаган. 31-майда Жаныбек уулу Төрөбай менин баламдан 10 мүнөттүн ичинде 500 сом едицина салууну талап кылган. Балам ал түнү менен сабаганын айтууда. Мен армияга ден соолугу чың баламды жөнөткөм, эми ал майып болуп калышы мүмкүн”, - деди ал.

Ошондой эле аял анын баласын ооруканада дагы коркутуулар болуп, эч нерсе айтпа дешкенин кошумчалады.

“Ооруканага баламдан кабар алуу үчүн ӨКМден келишип, ошондо дагы эч нерсе айтпа деп кетишкен экен. Ал буту шымына батпай шишигенге чейин бизден барын жашырыптыр. А эгер ал өлүп калса өзү өлдү деп айтат элеңер. Канча баланы өлтүрдүңөр”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, аскердин апасы жоокердин апасы анын бардык туугандары ар кандай шылтоолор менен телефонго акча жүктөгөнүн айткан.