Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: Сооронбай Жээнбековдун отставкага азыр кетем деген сөзү орунсуз

11.10.2020 16:40
2662
Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: Сооронбай Жээнбековдун отставкага азыр кетем деген сөзү орунсуз


Легитимдүүбү, жарым легитимдүүбү айтор кандай болсо да, аянтта тарабай аткан элдин көксөөсү сууп Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалды.

Эми президенттикти да алам деп, эки кызматты бирге сиңире албай какап калышы мүмкүн.

И.О. президент болсо үч айдан кийин президенттик шайлоо болушу кажет. Парламенттик шайлоо да турат. Садыр Жапаров кечее сөзүндө, убакытты чойуп, шайлоолорду артка жылдырууга даяр экендигин, т.е. мыйзам бузууга даяр экендигин кыйытты.

Биз жакынкы 5-6 күндүн ичинде эмне болдук, эмнени гана көргөн жокпуз. Премьерликти талашып, кагылышып, сабашып, ок атышып кеттик. Азыр президенттик шайлоо талашка түшсө автоматтар менен чыгып кырылышып калбайлы?

Садыр Жапаров премьерликке каниет кылып, биринчи кезекте, мыйзам чегинде, парламенттик шайлоонуу өткөрүп, туруктуу парламент, туруктуу өкмөт куруу туураалу ойлонушу керек. Кудай айтса президенттик качпайт.

Хаос болбош үчүн жаңы парламент, жаңы өкмөт маселесин чечкенден кийин гана, анан президент маселесин чечели. Антпесек туңгуюктан чыга албайбыз.

Сооронбай Жээнбековдун отставкага азыр кетем деген сөзү орунсуз, жоопкерчиликсиз айтылган, эмоцияга алдырган таарынычтын сөзү.

Президенттикти талашып кызыл-жаян болсок жоопкерчилик Сооронбай Жээнбековго жүктөлөт.

Биз 30 жыл бою: -“президент баарын чечет, бирок эч нерсеге жооп бербейт, премьер козел отпущения, президент англия королевасындай, көп нерсеге кийлигишпей отурсун”- деп келгенбиз.

Мына азыр ошондой жагдай түзүлдү. Эрктүү премьер келди. Жоош президент да турат. Баш мыйзам б/ча премьердин ыйгарым укуктары президенттикинен көп. Иштеп көрсүн, алды менен биринчи кезекте саясый туруктуулукту камсыздап, мыйзамдуу жол менен адилет, калыс парламеттик шайлоону өз убагында өткөзүп, мыйзамдуу парламент, мыйзамдуу өкмөт куруп берсин. Көргөзсүн өзүн.

Андан кийин анан президенттик тууралуу ойлонолу. Мамлекеттүүлүк , элдин коопсуздугу биринчи орунда. Шашылбайлы урматтуу мекендештер!

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу, Апрель баатыры

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зыйна
Туура айтылган ой, эшиктен кире албай жатып тор меники деп талашпастан ПМ га каниет кылып, эки жагын карап сара сап салып алса жакшы болмок, жалпы эл ойлогондой болбой жатат.