Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сабырбек Жумабеков: Текшерүү келип эч нерсе тапкан эмес, кет десе кетем, бирок мени менен мыкты дарыгерлер дагы кетет

03.02.2022 12:14
1256
Сабырбек Жумабеков: Текшерүү келип эч нерсе тапкан эмес, кет десе кетем, бирок мени менен мыкты дарыгерлер дагы кетет

Алты айдан бери асылып келе жатат. Азыр да кайра-кайра текшерүүлөрдү жөнөтүүдө. Майда-чүйдө нерселер болот, албетте. Алардын жыйынтыгы менен эч бир олуттуу нерсе тапкан эмес. Мындай пикирин профессор Сабырбек Жумабеков билдирди.


"Текшерүүчүлөр өздөрү айтууда. Кайсы коррупция тууралуу айтып жатат билбейм. Ал эми жердештерин чогултуп алды дегени боюнча пайыз менен алганда, бул жерде иштеп жаткандардын 5-7 пайызы таластыктар. Азыр көп орундар бар, келишсе ала беребиз кимди болсо дагы", - дейт Жумабеков.


Андан сырткары эгер аны кызматтан кет деген буйрук чыкса кетүүгө даярдыгын айтты.


"Биз расмий жыйынтыкты күтөбүз. Эгер иштен кет деген чечим чыкса кетем. Бирок мен эле эмес, бул жердеги таланттуу дарыгерлер да мени кетирсе кетебиз деп айтышууда", - деди Жумабеков.



Ал 3-февралда аталган медициналык жайда жыйын өткөрүп "министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, кечээ күнү менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес", деди. Жумабеков ошондой эле бул жагдайга байланыштуу президентке кайрылды жана кызматтан кеткенге даяр экенин, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн