Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.70
85.20
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

Сабырбек Жумабеков эл аралык сыйлыкка татыды. Сыйлоо аземине Аскар Акаев келди

23.04.2021 15:08
2611
Сабырбек Жумабеков эл аралык сыйлыкка татыды. Сыйлоо аземине Аскар Акаев келди


Сабырбек Жумабеков Россия Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсүнүн дипломун алды. Бул тууралуу  "Кактус.медиа" профессордун тааныштарына таянып билдирди.


Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков 2019-жылдын аягында Россия Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланган.


Сыйлык тапшыруу аземи жакында болуп өттү. Сыйлоо аземинен алынган сүрөткө караганда, 2006-жылдан бери Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болгон  мурдагы президент Аскар Акаев да келген.


"Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигинин жалпы жааматы профессор Сабырбек Жумабековдун дагы бир ийгилиги менен куттуктайт!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн