Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 17:23
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Сабырбек Жумабеков өзүнүн эл аралык дипломдорун жарыялап, министрден өзүнүн дипломдорун көрсөтүүнү талап кылды

19.02.2022 17:55
2360
Сабырбек Жумабеков өзүнүн эл аралык дипломдорун жарыялап, министрден өзүнүн дипломдорун көрсөтүүнү талап кылды

Медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин анын диплому, диссертациялык иштери тууралуу айткан сөздөрүнө жооп берди. 


"Бул жарыктык мага асылганын токтотподу. Калптын баарын апыртып. Сөз деп эле сүйлөй берсе боло берет деп.Менин диссертациямды издесе, кайдан табышты айтып берейин. Россиянын ВАКында Москвада. Сеченов атындагы Москва Медициналык академиясында, мурунку Биринчи медициналык Кыргыз Улукттук Атесстация Комиссиясында жана өзүмдө бир экземпляр бар. Министрге салыштырмалуу мен Россиядан кандидаттык жана докторлук диссертацияларымды жактагам.Менин дипломдорумду издеп аткан экен. Көрсөтүп коёюн 1987-1995 жылдары Крым медициналык университетинде  ординатура,жана  аспирантура,докторантураны мөөнөтүнөн мурда  бүтүп, 1995- жылы Сеченов атындагы Москва Медициналык академиясында 1995- жылы 18-июнда докторлук диссертациямды 30 жашымда жактагам. Бул КМШ мамлекетеринин ичинде ортопед -травматологдордун арасында жана Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш жактаган илимпоз деп айтылып келет. Министрдин дипломдорун да көргүбүз келет. Көрсөтсүн чек арадан ары ашпаган диссертациясын жана дипломдорун",- деп билдирди Сабырбек Жумабеков.


Эске салсак, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековдун диссертацияларын таппай жатканын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн